Кытайлык киши Американын кайрымдуулук фондуна 18 миллиард доллар акчасын өткөрүп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кытайда HNA Group деген дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын катарына кирген компания бар. Анын башкаруусу алдында логистикалык компаниялар, банктар, мейманканалар иш жүргүзүп келет. 2016-жылы ал Американын экономикасына ири чет элдик инвестор болуп берген. Бул компаниянын ээси ким экени түшүнүксүз. Компаниянын каражаттарынын 23 пайызы кытайлык кайрымдуулук фонддорунун бирине тиешелүү. Ал эми 29 пайызы Америкада жайгашкан кайрымдуулук фондуна өткөрүлүп берилери июль айынын аягында белгилүү болгон. Бул активдерди АКШга компаниянын номиналдык ээси Гуань Цзюнь өткөрүп берет. Бул адам тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок жашы 30 менен 40тын ортосунда экени белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда, ал жөнөкөй, эски үйдө жашайт.
"HNA Group`тун аткаруучу директору Адам Тан The Financial Times басылмасына берген интервьюсунда Цзюндун буга чейин мынчалык көп акчага ээ болгон эместигин, ал өз үлүшүн компания үчүн гана кармап келгенин айткан. Ал эми "The New York Times" басылмасы бул белгисиз адам кайрымдуулукка которгон 18 миллиард доллар 2016-жылы бардык америкалык корпорациялар биригип кайрымдуулукка жумшаган каражатка барабар экендигин жазган. HNA Group эмне себептен мындай чоң үлүшүн кайрымдуулукка берүүнү чечкени белгисиз", - деп айтылат маалыматта.