Кыргызстанда милиция кызматкерлери тарабынан 2012-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 147 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев бүгүн, 21-майда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 76 жаран Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, 10 жаран Алмаз Бокушевдин, 5 жаран Азиз Батукаевдин, 18 жаран Максат Абакировдун, калгандары башка уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болушкан.