Өлкөдөгү мыкты деп табылган 6 айыл өкмөтүнө 1,5 миллион сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан "Мыкты айыл өкмөтү - 2016" сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык жана диплом ыйгарды.

Аталган сынакка катышкан айыл өкмөттөрү 2 топко бөлүнүп каралган:

1-топтон 1-орунду Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтү алып, 1 миллион 500 миң сом каражатка ээ болду. 2-орунга татыктуу деп табылган Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө өкмөт башчы 1 миллион сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырды. 3-орунга Алай районуна караштуу Талды-Суу айыл аймагы татыктуу деп табылып, 500 миң сом акчага арзыды.

2-топтогу айыл аймактан: 1-орун Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айыл өкмөтүнө берилип, 1,5 миллион сомго татыса, 2-орундун ээси Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагына 1 миллион сом тапшырылды. 3-орунга Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтү татыктуу деп табылып 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй талаптар менен тандалып алынган:

- Айыл өкмөтүндөгү жашоочулардын жашоо-шартын жакшыртуу;

- Айыл аймактагы тарыхый-маданий эстеликтер менен маданият мекемелерин жакшыртуу жана аларды сактап калуу чараларын көрүү;

- Айыл чарбасын жана өндүрүштү өнүктүрүү;

- Жаңы жумуш орундарын түзүү;

- Айылдардагы чарбалык кооперативдерди өнүктүрүү;

- Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көтөрүү үчүн иш-аракеттерди көрүү;

- дотацияны кыскартуу;

- инвестиция тартуу;

- санитардык-эпидемиологиялык абалды жана инженердик коммуникацияны жакшыртуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
munarxan
2017-07-28 19:02:02
Жакшы жанылык.Биздин Кадамжай району,Алыш айылынын айыл окмоту жегенден башканы билбейт.
+3
bakytbek.k
2017-07-28 19:05:40
даа шайлоо шойлоо
+4
kokboru
2017-07-28 19:05:52
Бул мындай: Эртеңки шайлоого даярдык.Эми ошол айыл өкмөттүн башчыларына приказ берет мындай деп: Мугалим,өкмөттө, борбордук жерлерде,соттордо,кыскасы өкмөттө иштегендер только Сооронбайды колдосун,болбосо местаңардан айрыласыңар деп....Уже баштаптыр да СДПК лар.Бирок Сооронбай өтуп кетсе,эл эми карап олтурбайт,эл эми уктабайт.Жетишет элди уктатып өзүңөр жыргап жүрдүңөр
+6
ulan_bek
2017-07-28 19:16:54
Сооронбай зынк эле иштеп жатат башкаларга салыштырмалуу. Башкалар соз менен бутургон нерселерди иш жузуно ашырып жатат. Жасаса да жаман, жасабаса да жаман. Сабыр кылалы туугандар.
-10
MEDER_KULETOV
2017-07-28 20:05:20
Сооронбай акабыз шайлоо жакындап калганы үчүн иштеп жатат атак толк чыкпайт бул адамдан
+4
aman0296
2017-07-28 20:27:38
Бары алып чуй албаптырго
0
Gamze90
2017-07-28 22:05:33
Калп эле баягы эле гайлоо шылтоо 1500 миллион берип 80 % голос тапшырасын деп койду да
+2
dina
2017-07-28 23:11:50
Жакшыле кылыптыр, таптакыр эч нерсе бербейле мажбурлап эле шайлатышчу. 6 миллион сом чыгыптыр. Иштебеген айыл окмотторго да акыркы 3 места деп атап койсо уялып иштешет беле башкалар. Выбирай не выбирай президент будет Сооронбай.
+1
Kumarchik
2017-07-31 11:39:41
Муктаждарга жардам бербейсинерби андан коро
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан