СУПЕРСТАН: "Ишенесиздерби, жолдошум бир да жолу "сүйөм" деп айткан эмес"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйөм деген сөздү айтуу кыйынбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор: "Жолдошум өтө токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн адам. Чогуу жашаганыбызга 5 жылдан ашты. Албетте, көңүлдөрүбүз туура келип турмуш курганбыз. Бирок ишенесиздерби, бир да жолу "сүйөм" деп айткан эмес. Ооба, чын эле айткан эмес, "жакшы көрөм" деп айтат, бирок сүйөм деген башка да, туурабы? Ойлобоңуздар башканы сүйөттүр деп жок, андай эмес ашыкча кадамы, бир да "косягы" жок. Досторунун аялдары айтып калышат "сенин күйөөң түз жүрөт экен, эч ойлонбо, күйөөлөрүбүз сенин күйөөңдү "бир эле ошол досум андайга кызыкпайт" деп айтышат" дейт. Анан өткөндө "эмнеге "сүйөм" деп айтпайсыз" деп сурасам, "туура, эч качан сүйөм деп айткан эмесмин, айткым келет, бирок эч эле тилим барбайт, мен үчүн ушунчалык оор, айта албай кыйналам" деп СМС жазып жибериптир. Билбейм бир күнү айтып калар. Бул нерсеге кандай ой-пикириңер бар, мага абдан кызык болууда?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ушул эркектер аял киши кулагы менен сүйөрүн унутуп калат да. "Сүйбөсөм үйлөнмөк эмесмин" деген жооп эмес, бизге "сени сүйөм" деп айтып туруу керек. Кээ бир аялдар күйөөсү сабап туруп, "жаным, сени сүйөм да, кызганып сабадым" десе эрип эле кечирип жиберет. Аялдар ушундай калкпыз".

"Мен сүйүүнү жөн эле сүйөм деп айтып койчу сөз деп эмес, жакшы мамиле кылып, көзүңдү карап, ысык-суукта бирге болууну түшүнөм. Жолдошум "сүйөм" деп айтпаса да, ал адамдын мени абдан сүйөрүн билем. Айтор мен ушундай түшүнөм. Анан "эмнеге мени сүйөм деп айтпайсың" деп сүйлөнбөптүрмүн. Бир күнү отуруп мындай суроо бердим, "жашооңдон өчүп кетсем кантесиң?" десем, "жок, андай жаман сөздөрдү сүйлөбө" деп, көздөрүнөн жашы куюлуп кетти. "Сенсиз жашоом караңгы түнгө окшойт, ошондуктан сен дайыма жанымда Чолпон жылдыздай жанып турушуң керек" деди. Мынакей, сүйөм деген сөздөн алда канча маанилүү сөздөрдү уктум. Ал адам менин бешенеме жазылганына шүгүр".

"Бүгүн бар, эртең жок жалган дүйнөдө бири-биринин көңүлүн алганга эмне жетсин. Сенин түгөйүңө ошол жагабы, демек, аны жаса. Аял киши жүдөп-какап бала менен үйдө отурганда дайыма болбосо да, кээде ошол сөздү угууга муктаж болот. Бул биздин табиятыбыз. Анан да кыз-жигит кезинде эмес, турмуш курганда айтуу керек. Себеби силер эми бир бүтүнсүңөр, ак никеңер бар. Эмне кылсаңар да жарашат. Турмуш кургандар жанагы намыс деген нерсени алып ташташ керек. Аны көчөдөгү чоочун адамга көрсөтүп, өзүңдүн жарыңа канчалык сүйөрүңдү, анын канчалык керек экенин билдирип туруу керек. Баары аялзатына байлык керек деп ойлошот. Жок, андай эмес аялзатына жылуу сөз керек. Сенин тукумуңду уланткан жарыңдан ушул жылуу сөздү аяп аркы дүйнөгө алып кеткенде эмне пайда?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2017-07-28 15:24:50
Биздики деле айтпайт 6,5жыл болду.
+3
aikokul14
2017-07-28 16:25:26
23 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз,мен эч качан ушул сөздү күтпөгөн экенмин,сүйөм деп сөз менен айтыш керек эмес,урмат,сый,мамиле менен билдирүү жетиштүү.Сүйөм деп миң айтып,кылган иши туура келбесе бир тыйын.
+2
ayjan_90
2017-07-28 18:10:46
Менин куйоом деле айтпайт суйосунбу сен озу мени десем суйбосом уйлонбойт элем деп кутулат
+1
Hadyja
2017-07-29 00:49:26
Суйом деп айта бергенден баркы кетет.Айтпаганы жакшы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан