Ырчы Айпери Кубик кызы бүгүн, 28-июлда 26 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда конок тосууга камынып дасторкон даярдап жатканын айтты.
"Өздүк майрамымды үй-бүлөм, жакын туугандарым менен бирге белгилейин деп жатам. Туулган күнүмө карата куттуктоолор 00:00дө башталган, жакшы сөздөрдү угуп, көтөрүңкү маанайда жүрөм. Ата-энем италиялык алтындан жасалган зер буюмдарын белек кылышты", - дейт ал.
Белгилей кетсек, ырчы 1991-жылы 28-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач "Сезим" деген ыры менен эл оозуна алынган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "2009-жылдын сахна ажары” деп табылган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Суперфутбол-2012де" "Мыкты футболчу айым" наамын алган. Айпери Кубик кызы ырчылыктан сырткары тасмаларда да роль жаратып келет. Мисалга алсак, "Достор", “Жубайлар” фильмдерине тартылган.
28-июлга карата жылнаама.