2013-жылдын алгачкы 4 айынын ичинде өлкөдө 9 миңден ашык кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ИИМдин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, 2013-жылдын 4 айында 9160 кылмыш иши катталса, өткөн 2012-жылы ушул убакытта 9653 болгон. Кылмыштын кыскаруусу 5,1 пайызды түздү. Өткөн жылы ИИМдин маалыматы боюнча, 6567 кылмыш ишинин бети ачылган. Анын ичинен ОИИБинин кызматкерлери 6015 кылмыш ишинин бетин ачышкан.