Муфтият: "Сауд Арабия өлкөсү мурда ажыга барган зыяратчыларга кошумча милдеттүү төлөм киргизди"

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыга баруучуларга киргизилген кошумча төлөм боюнча билдирүү таратты. Маалыматка караганда, мурда ажыга барган зыяратчылар виза алуу үчүн кошумча 2000 риял (540 доллар) төлөйт.

"Бул төлөм биринчи жолу ажыга барып жаткандарга тиешелүү эмес. Сауд Арабия өлкөсү кошумча төлөмдү мурда ажыга барган бардык өлкөнүн жарандарына киргизди. Төлөм эмне себептен киргизилгени бизге деле түшүнүксүз болуп калды", - деди муфтияттын басма сөз катчысы Максат Айтбаев.

Айта кетсек, быйылкы жылы Сауд Арабия Кыргыз ажыларга 4585 квота берген. Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта Сауд Араб падышачылыгына учуп кетишмекчи. Жалпысынан 15 каттам болсо, алгачкы 3 рейс Бишкек шаарынан учат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан