АКШнын президенти Дональд Трамп тарткан сүрөт аукциондо 29 184 долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, аукционго коюлган сүрөттүн баштапкы баасы 9 миң долларды түзгөн. Сүрөттө Нью-Йорк шаарынын сөлөкөтү түшүрүлүп, ортосунда Трамптын мунарасы (Trump Tower) жайгашкан. Ал эми ылдый жагына Дональд Трамптын кол тамгасы коюлган. АКШнын президенти ал сүрөттү 2005-жылы кайрымдуулук иш-чараларынын биринде тарткан. Азырынча сүрөттү сатып алган жарандын аты-жөнү айтыла элек.