ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Белгилүү орус композитору Игорь Крутой 63 жашка толду

Белгилүү орусиялык жана советтик композитор, Орусиянын Эл артисти (1996), Украинанын Эл артисти (2011), Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген ишмери (1992), продюсер Игорь Крутой 63 жашка толду. Ал "Жаңы толкун", "Жылдын ыры", "Таңкы почта" долбоорлорунун продюсери болгон. "Фабрика звёзд-4" сынагынын музыкалык продюсери.

Игорь Крутой бала кезинде баян аспабын черткенди үйрөнүп, мектеп ансамбли менен сахнага чыгып жүргөн. Музыкалык мектепти бүткөн соң Кировограддык музыкалык окуу жайына тапшырып, 1974-жылы аны артыкчылык менен аяктаган. 1979-жылы Николаев мамлекеттик педагогикалык институтунун дирижёр-хордук бөлүмүн бүтүргөн. Ошол эле убакта ресторандарда иштеп Александр Серов менен таанышып, ага ыр жазып берчү.

1981-жылы Валентина Толкунованын ансамблине алгач пианист болуп чакырылып, андан кийин ансамблдин башкаруучусу болгон. Игорь Крутойго алгачкы ийгилик 1987-жылы "Мадонна" аттуу ыры менен келген. Александр Буйнов, Валерий Леонтьев, Лайма Вайкуле баштаган бир катар атактуу ырчылар композитордун ырларын аткарып жүрүшөт. Ошондой эле белгилүү чет өлкөлүк ырчы Лара Фабиан менен кызматташып, ыр жыйнагын жаздырып берген.
29-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан