Кара-Көл шаарындагы 45 турак жайды селден коргоо иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы 45 турак жайды селден коргоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын ушул жылга карата түзүлгөн табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жөнүндөгү иш-планы боюнча Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү каналды казып, тазалоо жумуштары аткарылууда.

"Буга чейин Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүндөгү 45 турак жайды сел каптап кетүү коркунучу жаралган. Учурда узундугу 600 метр суу каналды казып, тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө. ӨКМ тарабынан күйүүчү май бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан техника тартылган. Бүгүнкү күндө 450 метр сел канал казылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан