Кытайдын Хубэй провинциясынын 59 жаштагы Чжу Нацзюань аттуу жашоочусу 3 миллион 700 миң доллар өлчөмүндөгү насыя акчаны төлөбөй коюунун амалын ойлоп, бетине пластикалык операция жасаткан. Чет элдик маалымат булактарынын билдирүүсүнө ылайык, ал башка адамга таандык болгон паспорт менен Шэньчжэнь шаарынан өлкөнүн түштүк жагына поездге билет алып жаткан жеринен тартип сакчылары тарабынан кармалган.
Бирок полиция кызматкерлери анын Чжу Нацзюань экенин аныктоодо бир топ түйшөлүшкөн. Анткени ал 30-40 жаштардагы аялдардай көрүнүп, мурунку сүрөттөрүнөн таптакыр өзгөрүп кеткен.
Акыркы жылдарда жергиликтүү бийлик насыя төлөөдөн качып жаткан жарандар менен күрөшүүнү олуттуу баштаган. Ушул жылдын башынан бери Ухан шаарында 186 адам насыя карызын төлөө жоопкерчилигинен качты деген айып менен кармалган.