Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж 19 жаштагы Алымканга апасы донор болот

19 жаштагы Алымкан Улукбек кызына тез арада операция жасоо зарылдыгы жаралды. "Кызыма өзүмдүн бөйрөгүмдү берүүгө даярмын", - деди бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына бейтаптын апасы Гүлшайыр Карабекова.

"Кызым бир жыл мурун ооруп калды. Дарыгерлер ага бөйрөгүнөн жабыркагандыгын айтышты. Эми тез аранын ичинде операция жасап, бөйрөгүн алмаштыруу зарыл. Антпесе ал жума сайын гемодиализ алып кыйналып жатат. Буга чейин 16 миң доллар акча каражатын тапканбыз. Бизге дагы кошумча 16 миң доллар керек болууда. Мындай каражат биздин үй-бүлөдө жок болуп жатат. Эгерде каражат табылып калса кызыма донор бар - ал менмин", - дейт Карабекова.

Алымкан Улукбек кызы Жалал-Абад шаарынын тургуну. Бир жылдан бери оору менен күрөшүп келет. Каражат табылса Тажикстанга же Индияга барып операция жасатууну мерчемдеген.

"Алымкандан башка дагы 5 кызым бар. 6-кызымды төрөгөндө жолдошум эркек бала төрөлбөдү деп бизди таштап кеткен", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aselya_9105
2017-07-30 14:53:51
АЛЛАХым күч кубат, шыпаа, жардам берсин. Эртерээк сакайып кетишиңерге тилектешмин. Атасы туура эмес кылыптыр таштап кетип. Эркек бала төрөлбөгөнүнө бир жалгыз аял күнөөлүү эмес, эркектен да көз каранды. Ошону көпчүлүк эркек мойнуна ала бербейт да.
+5
HanTegin
2017-07-31 11:27:05
Aselya_9105, туптуура. Мен да ошону айтам. "эркектен да " эле эмес туп туз эркектен болот. Генетиканы окутуш керек ошолорго жакшылап. Эмненни эксе ошону алат да.
0
Mahabat84
2017-07-30 16:23:05
Эне бала үчүн эмнеге кана барбайт.жарым жанын берип жатат
Аллахым өзү колдоп жакшы болуп кетиниздер
+2
mr.sher
2017-07-30 21:56:11
Кантип байланышсак болот? Маалымат берип коесуздарбы?
+2
bakan
2017-07-30 22:03:19
Чырактай кыздарды таштап кеткен атага кудайым журогуно ыйман салсын. Алымканга кудайым дартына шыпаа берип сакайып кетсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан