2017-жылдын 12-августунан тарта Евразиялык экономикалык биримдигинде азык коопсуздугуна арналган 18 техникалык регламент күчүнө кирет. Бул тууралуу Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы Адамбек Ботоев бүгүн, 31-июлда билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылдын 12-февралында 13 техникалык регламент, 2016-жылдын 12-августунда дагы 3 техникалык регламент күчүнө кирсе, 2017-жылдын 12-августунан тарта дагы 18 техникалык регламент күчүнө кирет.
"Кабыл алынган техникалык регламенттер азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү. Регламенттер маркалоо, май өсүмдүктөрүнүн, сүт жана сүт азыктарынын, эт жана башкалардын сапаты боюнча жүргүзүлмөкчү. Техникалык регламенттерди актуалдаштыруу үчүн бардык иштер жүргүзүлдү жана Кыргыз мамлекеттеринин ченемдик-укук актылары калыпка келтирилди. ЕАЭБдин негизги техникалык регламенти - бул ички жана сырткы рынокту сапаттуу жана товарларды жетишерлик саны менен камсыз кылуу болуп эсептелет", - дейт Адамбек Ботоев.
Экономика министрлигинин техникалык жөндөө жана метрология башкармалыгынын башчысы Султан Ахматовдун айтымында, жаңы техникалык регламенттердин көбү азык тармагына киргизилген жана ошондой эле жеңил өнөр жай тармагына дагы регламенттер каралган.
"Темир жол, лифт жана пиротехниканын коопсуздугуна өзгөчө техникалык регламенттер киргизилет. Өлкөбүздүн аймактарында маалымдоо иштери жүргүзүлгөн жана учурда өндүрүүчүлөрдүн көбү жаңы регламенттер менен таанышкан. 2016-жылы экспортчулардын тизмесинде 18 ишкана болсо, жарым жылдын ичинде алардын саны 28ге жетти. Азыркы убакытта дагы 8 ишкананын арызы каралууда", - деп кошумчалады Султан Ахматов.