Жылдыздардын дем алыш күндөрү кандай өттү: 29-30-июль

Өткөн дем алыш күндөр аптаптуу аба ырайы менен коштолуп, көпчүлүк бул күндөрү эс алууга убакыт бөлүштү. Ал эми атактуулардын айрымдары эс алышса, кээ бирлери таптакыр башка жумуштар менен алектеништи.

Мисалы, ырчы Анжелика Бекболиева ишемби күнү, болгону бир күнгө апасы жана кыздары менен биргеликте Кыргыз бермети Ысык-Көлгө барып эс алып келди. Эс алуусу боюнча ырчы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган. "Мен үчүн бир күндүк эс алуу 10 күндүк эс алууга барабар", - деген ал.

Ошондой эле көл жээгин бойлоп эс алып жүргөндөрдүн катарын "Жебе" тобунун солисти Медер Сагынбек уулу да толуктайт.

Ал эми ырчы Аваз Акимов ушул эле өрөөндө, бирок көлгө чумкуп эмес, достору менен биргеликте табият коюнунда эс алды.

Ырчы Омар концерт коюу үчүн Түштүк Кореяга кетти.

Аскат Мусабеков борбордогу эс алуучу жайлардын биринде балдары менен убакыт өткөрдү.

Ал эми жакында эле дайындалган кызматынан баш тарткан ырчы Самара Каримова мурункудай эле тойлордо кызмат кылып жүрдү.

Ырчы Нурлан Насип гастролдук турне менен Талас өрөөнүндө болду.

Ал эми жаш ырчы Иса Өмүркулов жарнамалык роликке тартылуу менен убакыт өткөрдү.

Алып баруучу, шоумен Эркин Рыскулбеков борбордогу супермаркеттердин бирине баш багып, азык-түлүк алуу менен дем алыш күнүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
snejinka
2017-07-31 15:08:10
Самара Каримова "мурункудай эле" дегени жакты)
+4
Nanei
2017-07-31 15:11:29
Тойдон чыкпаса кантип иштемек эле музейгк
+3
adimyrza
2017-07-31 15:12:19
Асан акаси музейди да сауна кылат эле да
+5
Rasul_Rahmanaliev
2017-07-31 15:47:23
Көралбастык! Текердик! Эй туугандар,бир аз ичти кененирээк койгула!! Ушунчалык сөз мыкаачысы болуп баратабыз! Силерге сабыр тилейм.
-10
Alibay
2017-07-31 16:14:29
Rasul_Rahmanaliev,Буларга кошоматтанбаныыыз ди-джей мырза!
+8
Rasul_Rahmanaliev
2017-07-31 15:48:17
Силер да эс алгыла! Ырчылардын жашоосуна неге мынча сүңгүп кирип алгансыңар?! Тообо! Тообо кылгыла!
-2
AKCAHAT
2017-07-31 16:33:37
Rasul_Rahmanaliev, журналистсиз бирок дайыма бир тараптуу ой жугуртосуз, сиз оз ишиниздин ударниги болосуз чынын айтсам. Профессиональ журналисттин биринчи милдети нейтралдуулукту сактоо,дисбалансты жойуу)) сиз качан корбойун бироого адвокат болуп жургонунуз жургон))
+5
Ma9
2017-07-31 17:03:29
Кайсыл Жака кирбе Анжелика башка канчалаган ырчылар барго Сайкал Айпери Гуланда Жана башкалар супер инфого акча толоп койгон окшойт
+5
admin_superstan
2017-07-31 17:22:45
Leilektik, adimyrza, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуздар. Эскертүү!
-1
avtogrand
2017-07-31 17:41:20
Ачсаң эле Анжеликаго дагы.
+4
admin_superstan
2017-08-03 14:53:32
bekjigitova, порталга тиешелүү сын-пикирлер атайын дарекке жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан