СУПЕРСТАН: "Азанды коюп, түн жарымда элге уйку бербеген кафелердеги музыканы тыйып алышпайбы"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө колдонуучулар азандын үн бийиктиги кадимки сүйлөшүүнүн үнүнө чейин төмөндөтүлгөнүнө нааразы болуп "Таң эрте намазга ойготкон азандын үнү тынчыңызды алабы?" деген теманы талкууга алышкан.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бул жалган дүйнөдө эң жагымдуу үн - азан. Бардык мен мусулманмын деген адамдын жүрөгүнө жагымдуу. Алла Таалага жүгүнүп, мусулманчылык парзды аткаруу үчүн айтылган азанды, адамдын үнүндөй чыккан деңгээлге төмөндөтүү бир кечиримсиз жана акылга сыйбас иш".

"Бул маселени 4-5 эле адам чечип койду го. Болгону 3 минутага жетпеген азандын үнүнө чектөө койгондун ордуна кафелерде чыккан даңкылдаган музыкага чектөө койсо болмок".

"Ислам дини бул аябай жумшак, сылыктык менен жеткирилген дин экендиги дагы бир ирет далилденип, ынандырды. Болбосо муфтият деле "жок, андай кылса болбой калат" деп өз талабын коргоп токтотуп койсо болот эле, бирок ошол 5-6 эле кишиге зыян келгени үчүн катуу тийип калбасын деп акырындатып коюшту. Мына сага сылыктык".

"Биринчи түн жарымга чейин даңгыр-дүңгүр болуп, элге түн жарымында уйку бербеген кафелердеги музыкаларды тыйып алышпайбы?! Аларга күчтөрү жетпейт да, себеби акчаларын жеп алышкан, бул турган эле кеп".

"Ии, койгулачы. Ойготкуч 10 жолу шыңгыраса араң угуп, уйкудан араң турасың. Анан ушул азан бир жолу эртең менен алыстан айтылса уйкулары бузулуп, анан да чочуп жатышат бекен? Элестете албай койдум".

"Азандын үнүнөн ойгонуп көргөн эмесмин. Элдин тынчтыгын бузган бир эле азан эмес го..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ikitaidesu
2017-07-31 16:31:10
Аллахым баарыбызга сабр бере кор
0
Azatbek83
2017-07-31 16:36:43
Кандай жагымду эрте менен эрте Азандын унун уксан женилденип Бийиште ойгонгондой жакшы настроениеде болосун Аллахка мин мерте ыраазымын эртенда Азандын унун угайын деп тилейбиз.Каршы чыккандарга айтар элем Бир нерсе десе эле ал Арап бул Араптыкы дейсинер озунордун каапыр болуп калганынарды сезер бекенсинер.Мусулман адам торолгондо эки кулагына азан чакырып ат койушатко.Силердин шайтанынар кучтуу баш ийесинер Суйундунорбу каршы болуп Азан унун азайттык деп жок силер шайтанынардын максатын орнотту
+2
shalpak
2017-07-31 17:07:54
Азанды каалагандар уксун, элдин баары эле арабча уңулдаганды уккусу келмек беле!
-9
Leilek-razzakov
2017-07-31 17:17:05
shalpak, Тобоо десен.
0
doni-beku
2017-07-31 17:40:24
shalpak, мусулмансызбы деги? Орустардын чиркоондогу дарандаган жагат окшойт сага тооба Тооба
+1
Azatbek83
2017-07-31 18:52:52
shalpak,сага ат койгондо кантип койгон
0
Azatbek83
2017-07-31 18:57:55
Азан уну жакпаса башка жака кочуп кеткиле.Биз жардам беребиз.Мечитке жыланач барып корсотконунор да жетишет.Ыймандан алыстабагыла Жаратканым бизге ыйман берсин
0
Hadyja
2017-07-31 21:05:38
Атына заты жарашкан шалпак тура.Кулагына кебез тыгып алып укта.
Кой аксагы менен жуз болот экенбиз да.
Азанга тыйу салбаганына Шугур.
+1
admin_superstan
2017-08-01 12:01:43
Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Azatbek83
2017-08-02 01:40:00
Админ мен жазгандарымды кыркып салыпсынар каапыр манкурттарга жазган элем.
0
admin_superstan
2017-08-02 10:34:21
Azatbek83, жазгандарыңыз кыскартылып же өчүрүлгөн эмес. Билдирүү калтырууда 500 белги гана батат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан