Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында жаштар арасында өтө турган бокс боюнча Азия чемпиондугуна 11 Кыргыз спортчусу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 10-28-июль аралыгында Кыргыз спортчулары Бишкек шаарында машыгууларды өткөргөн.
Кыргыз мушкерлеринин тизмеси:
46 килограммга чейинки салмак ченинде: Баяман Магзымов;
50 килограммга чейинки салмак ченинде: Муктарбек Ибраимов
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Мырзабек Мусабек уулу;
54 килограммга чейинки салмак ченинде: Рыспек Бектенов;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Айдар Орозкулов;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурадин Рустамбек уулу;
63 килограммга чейинки салмак ченинде: Умар Кубанычбек уулу;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Дастан Оңолбеков;
70 килограммга чейинки салмак ченинде: Байбек Анарбек уулу;
75 килограммга чейинки салмак ченинде: Керимбай Эркинов;
80 килограммга чейинки салмак ченинде: Ахмад Усупов;
Машыктыруучулар: Кенжебек Акелбаев, Айбек Байсаяков;
Башкы машыктыруучу: Уланбек Төлөнбай уулу.