"Гарри Поттер" тасмасынын каарманы Эмма Уотсондун турмушка чыгары айтылууда

27 жаштагы актриса, коомчулукка “Гарри Поттер” тасмасындагы Гермиона Грейнжердин образы аркылуу таанылган Эмма Уотсон турмушка чыгат. Бул тууралуу актрисанын жакындарынын бири чет элдик басылмаларга кабарлаган.

"Уотсон сүйүктүүсү Уильям Найт менен баш кошуу салтанатын ушул жылга пландап жатышат. Тойду Лондондо же Лос-Анжелесте өткөрүшмөкчү. Учурда салтанаттын конокторун аныктоо үчүн тизме даярдашууда", - деген ал.

Ал эми актриса бул тууралуу эч кандай билдирүү тараткан эмес.

Белгилей кетсек, Эмма менен Уильям 2 жылдан ашуун убакыттан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт. Бирок актриса аны коомчулукка жарыя кылууну каалабайт. Буга чейин журналисттер андан эмнеге сүйүктүүсүн жашыра турганын сурашканда кыскача гана жооп берген.

“Мен эч качан сүйүктүүмдү эл алдындагы “циркке” аралаштыргым келбейт. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс адам жана ашыкча көңүл бурууну жактырбайт”, - деген Уотсон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurik-95
2017-07-31 19:35:39
Мага тийсе алмакмын
-2
kychan.98
2017-08-01 00:04:20
nurik-95,бирбалаани айта бербечи укам
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан