Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан сапарга чыккан айдоочуларга кеңеш

Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы алыс сапарга чыккан айдоочуларга берген кеңештерин бүгүн, 31-июлда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

"Негизги кеңештеринин бири - жолго чыгуудан мурун жакшылап уктап алуу керек. Жол транспорттук кырсыктар унааны башкарып бара жатып уктап кеткен айдоочулардын айынан болуп, жыйынтыгы оор болууда. Кээде жолдо саатына 80 чакырым ылдамдыкта жүргөн автоунаалар да оор кырдаалга дуушар болушу мүмкүн. Мисалы, аба ырайы +30 градус ысык болсо, айдоочу рулда чарчап баштайт, бирок 5-6 саат жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ысыкта адамдын кабыл алуу сезими начарлап, жол кырсыгына кабылуу коркунучтары көбүрөөк болот. Көздөгөн жерине бат жетүү үчүн айдоочу эс албастан 10-12 саат жолдо жүрүп, терс көрүнүшкө учурап жаткан фактылар катталууда. Өткөн жумада Бишкек-Ош-Исфана жолунда айдоочу чарчап уктап кетип жол кырсыгына кабылып, натыйжада 2 жүргүнчү каза болгон. Ошондуктан ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол транспорттук кырсыктарды алдын алуу максатында айдоочуларга бир катар кеңештерди сунуштоону туура көрүштү:

- Алыскы жолго чыгуудан мурун айдоочу жакшылап уктап алуусу кажет.

- Автоунааны 7 саат гана башкаруу туура болот.

- Жолдо жүрүүдө эс алдыруучу дарыларды колдонбоо жана ашыкча тамактанбоо керек.

- Токтобостон 500-600 чакырым жолдо жүрүүгө аракеттенбеңиздер.

- 2 саат сайын 15 мүнөт тыныгуу абзел.

- Унаада тамеки чеккендер бар болсо, салонду бат-баттан желдетип туруу зарыл.

- Айдоочу өзүнүн чарчагандыгын сезсе, коопсуз жайга токтоп, 15-30 мүнөт уктап алышы керек.

Урматтуу айдоочулар! Өзүңөрдү жана жаныңардагы жүргүнчүлөрдү сактагыла!" - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
mirlanpiter
2017-07-31 19:56:00
Жакшы кенеш,айдоочулар шашпай айдайлыыыы,,30 минута,бир кун кеч болсо да...2 метр кабырга шашпай!!!
+7
zhykyo
2017-07-31 19:59:55
Влештен ичип алыш керек
-3
nurbekasr
2017-07-31 20:06:06
Эң туура кеңеш.Айдоочулар шашбагыла,болжогон жерге бир аз кечигесин зато тынч аман болосун.Баарыбыз жол эрежесин сактайлы туугандар.
+6
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-31 20:15:03
ИИМ ПМС бар экен ээ? Баары жумуштан кетип дтп көп болуп жатса керек дедим эле..
+1
bek.94
2017-07-31 21:49:09
оо соз жок жакшы кенеш.
0
Truelensk
2017-07-31 22:05:23
Бизди тоскондо деле ушинтип кенеш берсе конулун которулуп калат элек го.
+3
nurbekasr
2017-07-31 22:08:42
Truelensk,булар ПМ тосушат,кеңешти акчаны алгандан кийин айтышат.Обгонго чыкбаңыз ээ,ременди тагынып,кызыл күйгөндө өтүп кетбеңиз дегендей кеңештерди.
0
Mers124
2017-07-31 22:15:32
Менимче мамлекет жон эле штрафтан пайда коро берген болбойт. Штрафтын 10 пайызын телеканалдардан жол коопсуздугун уйротууго, 20-30 пайызын правасын алдырган кишиге бир сааттык болсо да сабак отуп собеседование кылса жол кырсыктары азаймак. Штрафты котору авторитардык мамлекеттерге жарашат.
+2
kalys.aman
2017-08-01 09:13:45
Шашпай айдагыла туугандар Шашсан эрте барасын же вобще барбайсын
0
HAKER-KG
2017-08-02 04:10:24
2 саатта моркко жеткиче 2:30 минутада уй булондун жанына барганын жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан