Түштүк Кореянын “Мураскерлер” сериалындагы Ён До деген каармандын ролу менен таанылган актёр Ким У Бин алып жаткан химиялык терапиянын биринчи дарылануусун ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу атактуунун агенттиги маалымат таратты. “Химиялык терапиянын экинчи бөлүгүнөн кийин сиздерге жакшы кабар айтабыз деп үмүт кылабыз. Дарылануунун жыйынтыгы август айынын орто ченинде билинет. Азыркы учурга карата Ким У Бин 10 килограммга арыктады. Медицинанын өнүгүүсүнө жараша химиялык терапиянын биринчи бөлүгү актёрдун тышкы келбетин өтө көп өзгөрткөн жок”, - деп жазылат агенттик тараткан маалыматта.
Ким У Бин рак илдетине кабылганын ушул жылдын май айында өткөн медициналык текшерүүдөн кийин билген. Актёр учурда алкым көңдөйүндө жайгашкан баштапкы стадиядагы рак оорусунан дарыланууда. Ага сүйүктүүсү болгон актриса Шин Мин А моралдык колдоо көрсөтүп жатат.
28 жашка чыккан Ким У Бин “Мураскерлер” сериалынан тышкары “Акылга баш ийбеген ашыктык” менен “Мастер” деген жана башка тасмаларга тартылган.