ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: Мындан 89 жыл мурун "Metro-Goldwyn-Mayer" киностудиясынын баштапкы кадрына алгачкы жолу ыркыраган арстан чыккан

Мындан 89 жыл мурун, 1928-жылы 31-июлда "Metro-Goldwyn-Mayer" киностудиясынын баштапкы кадрына алгачкы жолу ыркыраган Слетс аттуу арстан чыккан. Ал алгачкы үн менен коштолгон тасмада пайда болгон. Кызыгы, арстандын ыркыраганы тасмадагы эң узакка созулган үн, себеби тасмада болгону "Салам!" деген гана сөз айтылган.

Логотиптин автору Ховард Дитц. Ал муну менен тумары арстан болгон колумбиялык университетке сый көрсөткөн. Арстандын ээси Луи Гебель "Metro-Goldwyn-Mayer" анын алдында болгон карызын төлөбөгөндүктөн, арстанды компанияга 3 жолу саткан.

Компаниянын логотибине жалпысынан 7 арстан тартылса, учурдагысы Лео 1957-жылдан тарта "иштеп" келет.

31-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik-95
2017-07-31 21:22:55
зор экенсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан