Бийчи Атай Өмүрзаков кызматкерлеринин орой мамилеси үчүн "Аэрофлот" компаниясынын өкүлү байланышып, кечирим сураганын билдирди

Бийчи Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы өздүк баракчасына "Аэрофлот" компаниясынын өкүлү байланышып, кечирим сураганын жазып чыкты.

Ал буга чейин жазган билдирүүсү аркылуу өз укугун коргоону максат кылганын белгилеген.

"Аэрофлоттун" жетекчилиги кызматкерлеринин ишине көңүл буруп коюшун сурангам. Мага компаниянын өкүлү байланышып кечирим сурады. Ошону менен бирге жетекчиликтин атынан ыраазычылыгын айтты. Кырдаалга байланыштуу кызматкерлер менен иш алып барышарын айтып, түшүнбөстүккө алып келген окуялар кайталанбашын убада кылды", - дейт бийчи.

Айта кетсек, буга чейин бийчи Атай Өмүрзаков Орусиянын ири авиакомпаниясы - "Аэрофлоттун" кызматкерлеринин орой мамилесине дуушар болгонун билдирген эле.

Окуя 8-июль күнү Өмүрзаков "Адем" бий тобунун бийчилери менен Нижнекамск шаарынан Москва аркылуу Бишкекке учуу алдында турушканда болгон. Анда паспорттук текшерүү көп убакытка созулуп, ал жердеги кызматкер бийчилердин билетин карап, тааныгандай түр көрсөтүп, учакка чейинки автобусту көрсөтүп отургузган.

"Мен автобустан түшүп учакка чыгарда ал Тбилисиге уча турганын билип такыр эсим кетти. Бирок бул компаниянын кызматкерлеринин катачылыгы болгондон кийин билеттерди кайтарып берет деген ой менен өзүмдү тынчтандырып, кайра кайтып келдик. Анткени менен кызматкерлердин орой мамилеси кыжырдантты. "Колуңардан келгенин кылгыла" - бул алардын бизге карата айтылган эң "жакшы" сөзү болду. "Аэрофлоттун" кызматкерлеринин тоготпогон мамилесине туш болуп турган чакта Орусиянын жараны, Польшага учмак болгон аял келип, бажы бекетинде кармалып калгандыгына байланыштуу кечигип калгандыгын айтты. Авиакомпаниянын кызматкерлери анын билетин жаңылап бергенден тышкары мейманканасынын да акысын төлөп, жылмаюу менен узатып коюшту", - деп жазган Өмүрзаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
asil-08
2017-07-31 23:43:52
Бул дагы болсо мамлекетибиздин алсыздыгы.
+15
mir777
2017-07-31 23:52:47
Айтайды мигрант дегенго хе
+12
RusMos76
2017-08-01 00:58:24
mir777,Атай!
+4
kychan.98
2017-08-01 03:24:51
Asil-08 туура айттын Атай эмес Чолпонбай болуп кетсенда мамлекетин жакыр алсыз болсо бизди эчким тоготбойт.башка элдер биздей мейман дос эл эмес.
+5
Rifle_I
2017-08-01 06:57:21
mir777,мигрантка орой мамиле жасаса боло береби ?
+4
mir777
2017-08-01 10:50:39
Rifle_I,жок Атай азамат! бирок ачык айтканда мигранттар укугун коп жерде коргобойт, орустар деле черный деп туура эмес мам кылганы калппы?
бул Атай жазып чыккан жонокой гана корунуш, самом деле мындан хуже
+3
jonne
2017-08-01 00:21:58
Красавчик кыргыздар ким экенин танытып журо бер !!! Атай
+9
nurbekasr
2017-08-01 05:36:27
Эми кечирим сурашса Аэрофлот компаниясы менен уча беребизби?же вообще учбай коёлубу Атай?
+5
Rifle_I
2017-08-01 06:57:31
nurbekasr,учпайбыз.
+6
only_progress
2017-08-01 08:48:43
Билетин толоп бериптирби?
+4
toktor89
2017-08-01 09:08:36
Аэрофлот менен учпайбыз жалпы кыргыздан кечирим сурашсын
+6
sarbo
2017-08-01 18:04:02
кыргызстанга алардын артисттери келсе президент келгендей тосуп алышат,жон эле резиденцияга жаткырышып,Тынар айткандай биз барып алардын резиденциясына жатмак тугул алдынан дагын ото албайбыз дегени эсиме тушуп кетти
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан