Бразилиялык 33 жаштагы эркек мурдунун формасын 10-ирет өзгөрттү

33 жаштагы Родриго Алвес ушул жашка чейин жүзүнө 57 жолу пластикалык операция жасатып, ага болжол менен 31 миллион 500 миң сом короткон. Бирок ал ага да карабастан кайрадан дарыгерлердин бычагынын алдына жатып, 10-ирет мурдунун формасын өзгөрттү.

Алгач дарыгерлер ага операция жасоодон баш тартышкан. Ачуусу келген Алвес “Botched” реалити-шоу берүүсүнө (ред: америкалык телекөрсөтүү, анда белгилүү хирургдар тарабынан оор пластикалык операциялардын жасалганы көрсөтүлөт) катышып, белгилүү пластикалык хирургдар Терри Даброу менен Пол Нассифке арызданып, мурдунун формасын өзгөртпөсө дем алууга кыйын болуп жатканын айткан.

“Соңку жылы мурдума 3 жолу операция жасаттым, азыр дем алууга мүмкүн болбой жатат. Менде кайрадан ринопластика жасатуудан башка айла жок” деген ал. Мындан улам дарыгерлер Алвеске операция жасашкан, эми анын мурдундагы тырыктар бир жылдан соң толугу менен жоголмокчу.

Родриго Алвес коомчулукта “тирүү Кен” (ред: Кен – эркек куурчак, Барбинин досу) деген атка конгон. Анын пластикалык операцияга умтулгандыгынын себеби – өзүнүн идеалдуу келбетин дагы да болсо таба электигинде.

Белгилей кетсек, Родриго Алвеске чоң ата, чоң энесинен ири көлөмдөгү байлык мураска калган. Андыктан ал жаш курагынан тарта келбетин бат-баттан өзгөртүп, ал үчүн акча аяган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aruwka.89
2017-08-01 08:46:38
Клоун
+9
R_u_S
2017-08-01 09:08:26
Ысрапкорчулукка жооп берчү күн келет.
+9
AykaMer
2017-08-01 09:53:29
Апеей,кудай сакта... Мырза десе сулуу мырза болгон турбайбы деп ойлопмун,мырза аялга айланган турбайбы... Кокуй ай... Кудай сактасын,тообо кылдым
0
Rawka95
2017-08-01 10:09:45
Бул мырза эмес ко
0
RusMos76
2017-08-01 10:30:03
мурдунгескей!
+6
admin_superstan
2017-08-01 10:34:28
zoiy_asad2014, этика нормаларын сактаңыз.
0
Neizvestno777
2017-08-01 11:11:55
Шайтандай болгон
+1
nurik-95
2017-08-01 12:38:15
Мурасы бар экенда болбосо танка тепселеп кеткен мурдун болсо да шүгүр кылмаксың
+2
toshiba
2017-08-01 18:09:07
ушул кетирген акчага мээсин эле алмаштырып албаптыр да пайдалуу болмок экен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан