Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында 20-майда жааган мөндүрдүн кесепетинен 100 гектар аянттагы буудай, 154 гектар тоют, 3 гектар жашылча-жемиш, 3,5 гектар алма бак зыянга учураган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин алып барууда.