Мотоцикл айдап бара жатып видеого тартылган орусиялык байкер кыз кырсыкка кабылып, каза болду

Орусиялык байкер кыз мотоцикл айдап бара жатып кырсыкка кабылып, каза тапты. Ал “Моника” деп катталган өзүнүн социалдык баракчасына жаңы видео жүктөө максатында Владивостоктогу Седанка-Патрокл трассасында мотоциклды катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан.

Бир убакытта мотоцикл жолдон чыгып кетип, тосмого барып катуу урунган. Жыйынтыгында мотоцикл бир нече бөлүктөргө бөлүнүп, кыз "Тез жардам" келгенче эле жан берген.

Каза тапкан кыз Орусиядагы таанымал байкер жана социалдык тармактарга мотоцикл менен фото, видеолорду байма-бай жүктөгөн активдүү колдонуучу эле. Анын баракчасына 140 миңден ашуун окурман жазылган. Өзгөчөлүгү - мотоциклди айдаганда дайыма кыска кийинип, ар түрдүү ыкмаларды жасоону хоббиге айланткан. Анын видеолорун көргөн окурмандар бир канча ирет ага абайлап айдоону эскертишкен. Бирок ал кыскача гана “мен кичинекей кыз эмесмин, эмне кылуу керектигин жакшы билем” деп жооп берип келген.

Байкер кыздын социалдык тармакка жүктөгөн видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-01 09:45:02
Бир болсо тозокко кеттиби дейм бул кыз..
-4
Azatbek83
2017-08-01 16:46:56
TIMON_BERKOWITZ,озуну кудай сезип алдынго
0
kychan.98
2017-08-01 17:34:44
Azatbek83,озу любой адам олордун алдында озуну бир башкача сезип алабы деймда
0
tulpar90
2017-08-01 10:35:58
Баары Аллахка баш ийип жашашы керек.
+6
Sultanim
2017-08-01 12:10:14
Кандай жашасан,ошондой олосун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан