Кочкордо табылган курулуш Суяб жана Баласагын шаарларынын калдыгы болушу мүмкүн экени айтылууда

29 жыл мурун, 1988-жылы Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын айдоосуна силостук ороо казылып жатып байыркы курулуштун калдыгы табылган. Тарых сүйүүчүсү Кайырбек Коңурбаев аттуу жергиликтүү тургун табылганы көрүп, ал тууралуу өлкөнүн көрүнүктүү тарыхчыларына, Илимдер академиясына, жадакалса саясатчыларына кайрылган. Бул убакыт аралыгында өзү да курулушту кайсы доорго таандык экенин изилдеп тарыхый фактыларга таянып, Баласагын жана Суяб шаарлары Кочкор өрөөнүндө жайгашканын айтууда. Айта кетсек, бул айылда байыркы курулуш биринчи ирет табылып жаткан жок. Айылдын өзүндө да 11 катмарга шыбалган туюк бөлмө табылган.

"80 жыл жакшынакай жашап келген Кыргыз каганаты 920-923-жылдары жүргөн селден улам жок болгон. Ал эми тарыхчылар тынч эле тарап кеткен дешет. Тынч тараганынын себеби эмнеде? Хан жөн эле таратып жибереби? Себеби үчөө гана болушу мүмкүн. Биринчиси - согушта жеңилишкен, экинчиси - дарт тийген, үчүнчүсү - алаамат. Күмбөздү сел басканы көрүнүп турат. Мына ошол сел гүлдөп турган Кыргыз каганатын Баласагын шаары менен кошо басып калган. Махмуд Кашгари өзүнүн "Дивани лугат ат-түрк" аттуу китебине кырсыктан 150 жыл өткөн соң бул жактагы шаарды Кочкор-Башы деп жазып жатат. 150 жылда канчалаган жерлердин аты өзгөрөт, ошону караш керек. 40 жылдан бери изилдеп келдим, Кыргыз тарыхчыларына жалгыз каршы чыккан мен. Менин оюм боюнча, бул күмбөз менен айылдагы объект изилденсе тарых өзү такталат, мен жазып жаткан эмгегимде тарыхый фактыларга таяндым", - деген Коңурбаев изилдөөлөрдөн улам бир топ илимдерди да өздөштүргөнүн айтат. Алардын катарында геодезия, сейсмология, картография, геология, клиометрия, хронология, астрономия бар.

Анын айтымында, Кочкор өрөөнүндө Суяб шаары жайгашканы VIII-X кылымдардагы араб окумуштуулары Абуль Бида, Аль Брунинин жазган астрологиялык координаттары, 920-923-жылдары болгон жер титирөөнү жазган новосибирсктик 7 окумуштуунун эмгектери боюнча дал келип жатат. Ошондой эле "Манас" эпосундагы "Бири кетти Алтайга,
Бири кетти Кангайга,
Бири кетти Эренге,
Дагы бири түшүп кетти тереңге"
деген саптарда Жакып хандын кара кытайлардан качып Алтайга кеткени, шаар сел алдында калганы баяндалат. Ал жерде Манас төрөлүп, эр жеткенде "Ата мекениме, ата-бабамдын жерине,
Үзүлгөндү улаймын, чачылганды жыйнаймын" дегени ушул Ысык-Көл менен Кочкордогу аламааттан кийинки чачылган элди жыйноо максаты экени көрүнүп турарын кошумчалады Кайырбек Коңурбаев.

"Кырлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган,
Кайың жоктур кыргыз балта чаппаган" деген каңырык түтөткөн сөздөр дал ушул алааматтан миңдеген адамдардын сөөктөрүн кыр ашып, Ысык-Көлгө Оттук менен Ак-Өлөңдүн ортосуна коюп салганынан айтылса керек. Алааматтын изин космосто тартылган сүрөттөр менен далилдей алам. Буга болгону логикалык калчоо керек", - дейт ал.

"Токмоктогу Бурана кароолкана катары курулган. Тарыхый маалыматтарда, Бурана шаарында 240 мечит, 20 медресе, 10 ханака, хан сарайлары бар деп жазылган, бирок Бурана жана 2 күмбөздүн ордунан башка эч нерсе табылган эмес.

Ошондой эле Суяб шаары тарых боюнча, караханиддердин, түргөштөрдүн, карлуктардын, усундардын борбор шаары делет. Бирок Суяб делген жерди казганда, христиан, буддизм чиркөөлөрү, анча-мынча түргөштөрдүкү чыгып жатат.

"Бернштам менен Бартольд Каштек деп Казакстанды көздөй Кеминден өткөн ашууну айтышкан. Кочкор өрөөнүнө караштуу Шамшы Кашат ашуусу бар. Илгери Кашатты ашсаң Токмокко барасың деп коюшчу. Ал ашууда азыр табылып жаткан артефакттар, кербендердин калдыктары Суябдан Чүйгө бир гана ушул ашуу бар болгонунан кабар берет.

Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп, Чүй (Суйе) дарыясынын жээгинде жана Каштек ашуусунун түштүгүнөн орун алган. Тилекке каршы, Каштек ашуусунун Кемин жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаар жок болуп жатпайбы.

Кытайлык окумуштуу Сюань Цзан "Ысык-Көлдү жээктеп чыгышынан түндүк-батышка 250 (500 ли) чакырым жол басып, Чүй (Суйе) дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли (кытай элинин өлчөө бирдиги) экен, бул жерде ар кайсы мамлекеттердин соодагерлери жолугуп, соодасын жүргүзөт. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм өсөт экен. Жапайы чыккан токойлор жокко эсе. Аба ырайы суук жана аркыраган шамал жүрүп тургандыктан, жашоочулар кийизден тигилген кийим киет экен" деп жазган.

Кочкор өрөөнүндө токойлор жок. Азыркы шаардын сепили айланасы Кум-Дөбө айылынын орду менен 6-7 ли болот. Башка өрөөндөрдөй болуп карагайлар өспөйт, катуу шамал басымдуулук кылат. Ал эми таруу, арпа, буудай жана жүзүмдүн өскөнү өрөөндүн түндүк тарабы. Кайнарда таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүм өсөт. Ак-Бешимде же Чүй өрөөнүндө аркыраган катуу шамал болбойт. 250 чакырымдын 178 чакырымы көлдүн узундугу, көлдөн Кум-Дөбөгө чейин 64 чакырым болот", - деп бир нече фактыларды санаган Коңурбаев Кыргыз тарыхы башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын изилдөөлөрү менен жазылып жатканына, Кыргыздын көрүнүктүү тарыхчылары табылгага кош көңүл мамиле кылганына нааразычылыгын билдирди.

Ал эми археолог, илимдин кандидаты Күнболот Акматов курулуш болгону күмбөз экенин, Баласагын жана Суяб шаарлары Токмокто жайгашканын эскертти:

"Биз бул күмбөздү XI-XII кылымдарга таандык деп жатабыз, себеби курулуш материалы - бышкан чарчы кыш. Мындай материалдар ислам дини менен Кыргыз аймагында тарай баштаган. Объекттин конструкциясы боюнча аны күмбөз деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө да ушундай конструкция менен салынган күмбөздөр бар. Имарат жашай турган имаратка туура келбейт, анткени анын көлөмү турак жайдан кичинекей. Бул курулуштун айланасында да башка имараттар бар болушу мүмкүн. Ал эми Баласагын шаары Токмокто. Анткени жер астында да объекттер сакталып калган, тегерек четте табылган карапа идиштери, курулуш материалдары буга далил. Ал жерди көптөгөн окумуштуулар изилдеп, Баласагын шаары менен Суяб шаары ошол жерде жайгашканын айтышкан. А бул өрөөндөгү шаарды жазма булактарга таянып Кочкор-Башы дешет. Азыр да айылда табылып жаткан карапа идиштерден улам бул жактагы шаар чоң болгонун божомолдоп, Кочкор-Башы деп жатабыз. Махмуд Кашгари да өз эмгегинде бул шаар тууралуу жазып кеткен. Кочкор өрөөнү археологиялык жактан жакшы изилдене элек".

Табылганы учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Кубат Табалдиев жетектеген экспедиция изилдөөдө. Экспедицияны Түркия каржылайт. Мындан сырткары Кыргыз Улуттук университетинин, Оштон келген студенттер да изилдөө иштерине катышып жатышканы маалым болду.

"2-июлдан бери иштеп жатабыз, дагы 2 жума иштейбиз. Кубат агай буга чейин бышкан кыш менен салынган бул имаратты билчү. Бул жакта мындай курулуш аз, ошол үчүн кызыгып келдик. Долбоорду ТИКА агенттиги каржылап жатат. Бул табылган курулуш - күмбөз. Архитектуралык тиби XI кылымга таандык. Аны сел басып калган эмес. Бул имарат жер алдында болгон. Анын үстүндөгү куполду алтын издегендер, жергиликтүү тургундар кыштарын алып бузуп салышкан", - дейт Ак деңиз университетинин докторанты Сунер Пулон.

Профессор Кубат Табалдиев изилденип жаткан курулуш тосулуп, келечекте Нарын облусундагы тарыхый комплекстердин бирине айланарын кошумчалады. Ал эми айылдагы башка табылгалар кытайлык окумуштуулар тарабынан кийинки жылы түзүлө турган меморандумдан кийин изилденери белгилүү болду.

Кайырбек Коңурбаев өрөөндө тапкан артефакттарды үйүндөгү музейге жыйнап келет. Аларды көптөгөн чет өлкөлүк окумуштуулар көрүп кетишет. Коңурбаев кыргыз элине таандык оймолору бар калдыктарды көрсөтүп, кыргыз эли Кочкор өрөөнүндө байыркы мезгилден бери жашап келишкенин айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hadyja
2017-08-01 15:04:01
Кайран кичи мекеним!!!Алыстан тоолорун коруп сагындым!Ушундай тарыхый баалуулуктарды озундо сактап,жургонуно баа бердим.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан