Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дааратканага ташталышы боюнча кылмыш иши козголду

31-июлда түшкө жуук Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушундагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарланган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 1-августта билдиришти.

"Факты катталган учурдан тартып ымыркайды төрөгөн аялды издөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Эске салсак, кечээ Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган.



Ажатканада төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zhykyo
2017-08-01 10:54:39
Бир жерде жатат болуш керек жашынып
0
Gulnur1980
2017-08-01 11:25:59
Ииии кучук десе,кудайым омур берип жашап кетсекен ылайым.Торогон кукук энеге минден-мин наалат,омур бою балага зар болуп отсун ылайым!....
0
Kaary
2017-08-01 11:48:38
Баласын таштаган адамды көрдүм.
Акчасын таштаган адамды көрбөдүм!
+3
aipo89
2017-08-01 12:06:23
Жараткан баарыбызга ынсап бер...Жоопкерчилик деген тушунук жок болуп бара жатат.Балдарыбызга ыйман берсин.Келечегибиз учун кам королу,мындын кийин ушундай корунушторго богот кою учун.Ата-энелер балдарыныздарга кобуроок конул болунуздор!Журогун ооруйт...Эмне деген гана жанылыктарды угуп,окуйбуз.Эне деген заттан айлангыр...айбан да оз баласын таштабайт,жок дегенде айбанчалык боло албасан эмне максатта жашап журосун???
0
Sultanim
2017-08-01 12:16:30
Туалеттен башка таза жерлерди билишпейби ушундай энелердин?.. (((((
0
nazira...
2017-08-01 12:27:32
Иии, кем дунуйо да. Мага не бербей жатат, ошонон коро мага берип койбойт беле кудайым ушу баланы. Канча аракет кылсам да бала тушуп калып жатат, балдарыма шерик кылып торойун десем. Кудайым берип туруп кайра алып коюп жатат. Берээрин унутпасын да аллах. Мага да бере кор баланы, омуру, ыйман, ынсабы менен.
0
bayana1987
2017-08-01 14:56:44
Бөбөктү көчөгө таштап кеткен энеге кылмыш иши козголуптур..
Азаматтар алып келип буту колун кайрып, тууган туушкандарын шерменде кылып баш көтөргүс кылгыла. Мыйзам деген аял байкушка эле иштейт да!!!
Кайда жүрөт ошол баланы пайда кылган ЭРКЕК ата сөрөй!!
Эмне алардын жоопкерчилиги жокпу? Көкүрөк сүтү БУЛАК болуп агып, зыркырап ыйлап бир жерде жаткандыр. Сойку болсо да энелик жүрөк, сезим деген бар. Эмнеге коомдо ташталган балдардын баарына аял гана күнөөлүү? эмне эркектерге бол
0
nazira...
2017-08-01 15:01:20
bayana1987, Эркекти энеси табылгандай кийин башталат да. Ага чейин баланы туалетке таштап жатпайбы, байкуш бага албай калам деген го. Кийин запкысын тартат го.
0
nurka85
2017-08-01 21:21:01
Жатаардан мурун кийинкисин ойлонсо болмок эссиз кукук. Кукук да бироонун уясына тууп кетет. Туалетке эмес. Тоок мээ экен. Бир жери менен гана ойлонгон го ХХХ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан