КМШга мүчө өлкөлөрдүн аскер кызматкерлеринин арасында аскердик-спорттук оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

КМШга мүчө өлкөлөрдүн аскер кызматкерлеринин арасында аскердик-спорттук оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Кыргыз өлкөсү, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын 300дөн ашык аскер кызматкерлери катышты. Алар армиялык кармаш уруш, гиря спорту, АСК аскердик кармаш, штаттык жана табелдик куралдан атуу, жеке жана командалык эсепте офицердик үчтүк күрөш жана командирдик старт боюнча күч сынашты.

Оюндун жалпы медалдык эсебинде кыргыз аскер кызматкерлери Орусия Федерациясынын спортчулары менен биргеликте биринчи орунду камсыз кылышты. Эки команда тең өздөрүнүн байге куржунунда 21ден медалга ээ болушту, 20 медалды – Казакстандын аскер-спортчулары ээледи, үчүнчү орунга Беларусь Республикасынын оюнчулары 19 медаль менен киришти.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнөн катышкан 32 аскер кызматкеринин 21и оюндун жеңүүчүлөрү болуп, байгелүү орундарга ээ болушту.

Оюнду жаап жатып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Кубанычбек Орозматов "оюндун башкы максаты - аскер кызматкерлеринин спорттук духун көтөрүү, армиялык достукту бекемдөө жана чыныгы спорттук таймашты өткөрүү болду" деди.

Спорттук таймаштардан тышкары оюндун катышуучуларына чоң маданий программа тартууланды. Шериктештиктин аскер-спортчулары Ч.Т.Айтматов атындагы этно-борборго барышып, Ысык-Көл облусу боюнча анын тарыхый, туристтик жайлары боюнча экскурсияга чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-08-01 11:44:22
Молодцы
0
Nazar76
2017-08-01 11:48:29
Азаматсынар
0
grace
2017-08-01 12:57:41
Азаматтар, сүйүнүп жатам. Биздин аскерлер, офицерлер жакшы деңгээлде экен кудай буюрса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан