Өкмөт: "Бишкекте жана Ошто азык-түлүктөрдү текшерүүчү лабораториялар ишке кирүү алдында турат"

Бишкекте жана Ошто курулуп жаткан азык-түлүктөрдү текшерүүчү лабораториялар ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов 1-августта Өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында айтты.

Анын билдиришинче, курулуш иштери бүткөрүлүп, Орусиядан алып келинчү жабдыктар орнотулуп ишке кирет. "Учурда жабдыктардын келиши күтүлүүдө. Алар келсе, орнотуп ишке киргизебиз. Андан сырткары дагы төрт лабораториянын курулуш иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Жумаканов ошондой эле инспекция ветеринарларды окутуу иштерине өзгөчө маани берилип жатканын кошумчалады. Ал белгилегендей, лабораториялар ишке кирсе, адистер да талапка жараша өз ишин билүүсү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BarsBaatyr
2017-08-01 13:24:01
Кезектеги шайлоо алдында элди алдамай го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан