ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: Жаш актриса Рахат Божокоева туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилей турганын айтты

Жаш актриса Рахат Божокоева бүгүн, 1-августта 23 жашка чыкты. Аны SUPER.KG порталы куттуктап байланышканда, өздүк майрамын жакындарынын курчоосунда белгилей турганын айтты.

"Чынын айтсам бүгүн аябай көп адамдар куттуктап байланышып жатышат, алардын арасынан силердин чалууңар абдан күтүүсүз болду. Бүгүн эртең мененкиге пландаган жумуштарым бар болгондуктан, кечээ эрте эле жатып алгам. Бирок ага да карабастан түнкү саат 12де досторум, курбуларым белектерин көтөрүп алып үйгө келишип, уктап жаткан жеримден ойготуп куттуктап кетишти. Андан соң ата-энем, жакындарым да куттуктап маанайымды көтөрүштү. Бизде менин туулган күнүм - жалгыз эле өзүмдүкү эмес, жалпы үй-бүлөбүздүн майрамы. Мындан улам бүгүн кечинде борбордогу эс алуу жайлардын биринде үй-бүлөм менен чакан кече өткөрөлү деп турабыз", - деди актриса.

Рахат Божокоева 1994-жылы 1-августта Бишкек шаарында туулган. Бала кезинен бий менен алектенип, сахнада чоңойгон. Концерттерде бийлеп жүрүп ырчылар менен таанышып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып калган. Ал Сайкал Садыбакасованын "Ыйлатпачы", Гүлнур Сатылганованын "Сага", Мирбек Атабековдун "Мөлмөлүм" жана башка бир топ клиптерде, "Сүйөм дечи", "ДвижЭние кылыш керек", "Сагын", "Эне жүрөгү" тасмаларында роль жараткан. Учурда киного тартылуудан сырткары алпаруучулук менен да алектенет.

1-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kumarchik
2017-08-01 16:19:21
Туулган кунун менен Рахат
+1
Kumarchik
2017-08-01 16:19:33
Суйомго сени
+1
Tyty1990
2017-08-01 22:03:39
Мен рахатты өллө сүйөм
+1
Tyty1990
2017-08-01 22:04:56
Өллө сүйөм деп жазып жатсам аялым артымдан карап туруптур.
+1
Nevestkaa
2017-08-02 00:07:28
Tyty1990,анан эмне болду жакшы элесинби ?Кантип чыктын не удобный положениядан(((((
+1
kychan.98
2017-08-02 06:47:10
Tyty1990,сага окшогон эркек сорой эл бузар деп аталат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан