Орусия Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнө Ан-26 үлгүсүндөгү эки аскер учагын берет. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан кабарлашты.
Транспорт тапшыруу аземи 10-августта орусиялык “Кант” авиабазасында өтөт. Учактар Орусия убада кылган 1 миллиард долларга бааланган аскердик-техникалык жардамдын алкагында берилүүдө. Башкы штаб аба транспортторунун наркын айткан жок.
Буга чейин Орусия өлкөгө бронетанк техникаларын, артиллериялык системаларды жана ок-дарыларды жөнөткөн.
Ан-26 – Советтер Cоюзу мезгилинде чыккан жүк ташууга ыңгайлуу аскердик-техникалык учак.