Ош облусуна караштуу Араван районунда селден жабыркаган жана кооптуу аймакта жашаган 11 үй-бүлөгө жер бөлүнүп берилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы Сүйүнбай Гүлжигитов билдирди.
"Селден жабыркаган 6 үй-бүлөгө атайын чатыр тигилип берилген. Бирок алар чатырда жашабай туугандарынын үйүндө жашап жатышат. Бүгүнкү күндө 11 үй-бүлөгө жер берилүүчү аймактын башкы планы даяр болбой иш токтоп турат. Азырынча жер бөлүп берүү качан жүргүзүлөрү белгисиз. Буга чейин көчүрүү аракети көрүлүп жаткан үй-бүлөлөр айыл өкмөт көрсөткөн жайга көчүүгө да каршы болуп жатышкан. Учурда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп эл макулдугун беришти", - дейт Гүлжигитов.
Маалым болгондой, буга чейин 20-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 11 үй-бүлөгө жер тилкелери бөлүнүп, көчүрүү иштери башталат деп билдирген.
Эске салсак, буга чейин 9-июлда Араван районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптап, кооптуу абалга жеткирген.