Темир жолдун жоктугунан түштүк облустардан чет өлкөгө жүк ташуу көйгөйлүү болууда

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн түштүк облустарынан чет мамлекеттерге жүк ташуу көйгөйлүү болуп жатканын Евразиялык интеграциянын алкагында транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча Бишкекте 2-августта өтүп жаткан жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, темир жолдун жоктугунан улам өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагынан жүктөрдү башка мамлекеттерге ташууда айдоочулар көйгөйгө дуушар болуп жатат. Мындан улам ал бул маселени тез арада чечүү керектигин кошумчалады. "Бүгүнкү жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышып жатат. Ошондуктан жогорудагы көйгөйдү кенен талкуулап, чечүүбүз керек", - деди Калилов.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жашылча-жемиштерди Орусияга жеткирүү үчүн темир жолдун жоктугунан, оор жүк ташуучу унаалар менен Бишкек-Ош жолу аркылуу ташылып, бирок чыгымга учурап жатышканын белгиледи. Ошондуктан ассоциациянын өкүлү 1-2 жылдын ичинде маселени чечүүнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
vavilon.
2017-08-02 12:36:37
Темир жол бар Ош Жалал-Абад Кызыл-Кыя Кара-Сууда. Бирок Озбекстан Казакстан аркылуу айланып Бишкеке жетет. Азыр деле строй материал жыгач цемент ж.б ташылып келет.
0
Rifle_I
2017-08-02 13:18:26
vavilon.,2 мамлекеттен налогдор кармалса кандай болуп калат баасы ?
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-02 13:23:18
Ой баай жаңылык. А мен билбептирмин!
0
BekAmir
2017-08-02 23:21:04
Туура маселе
0
novayariga
2017-08-03 01:14:20
Темир жол менен жол кире кымбаттайт. Муну менен кайра эле байлар бизнес кылат ,карапайым элге кымбат болот дагы. Аларга эмне элден чыгарып озунун пайдасын кошуп сатат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан