ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте Москвич менен Хонда сүзүштү. Унаалардын биринде кош бойлуу келин отурган

Бүгүн, 2-августта саат 07:40 чамасында Бишкектеги Бөкөнбаев менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Москвич менен Хонда үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. "Хонда унаасында жолдошу, кош бойлуу келинчеги, бир уул жана бир кызы болгон. Алардын абалдары жакшы", - дейт окурман.

"Тез жардам" кызматы аларга биринчи медициналык жардам көрсөткөнү белгилүү болду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lev.02.1982
2017-08-02 13:45:00
Москвич эч нерсе болбогон го
+1
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-02 17:10:12
Lev.02.1982,ал москвич али көпкө жашайт буюрса))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан