21-майда Бишкекте катуу жүрүп келе жаткан поезд темир жолду кесип өтмөчү болгон Хонда унаасын сүзүп кетти. Кырсыктан каза болгондор жок, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Жеңил унаанын айдоочусу 23 жаштагы Сапарбек Райымбеков поезддин келе жатканын билдирген жол чырак күйбөгөнүн, мунун айынан поездди көрбөй калганын айтат.
“Менин алдымда бара жаткан унаа темир жолдон өтүп кетти. Мен дагы анын аркасынан өтөйүн десем, каршы тараптагы унаалар токтоп туруптур. Бирок эч кандай жол чырагынын кызылы күйгөн жок. Анан мен темир жолдон өтө берерде оң капталымдан вагон келе жатканын көрдүм”,- деди айдоочу.
Окуя болгон жерге ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен Темир жол кызматынын кызматкерлери барышып, кырсыктын келип чыгышын териштирүүдө. Бирок поездди башкарып келе жаткан адам окуя тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тартты. Учурда тергөө амалдары улантылууда. Айта кетсек, кырсык Т.Фрунзе-Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.