Евразиялык интеграциянын алкагында транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча Бишкекте бүгүн, 2-августта өткөн жыйында чет мамлекеттерге жүк алып чыгуу көйгөйлөрү көтөрүлдү. Жыйын учурунда ишкерлер жана ошондой эле жүк ташуучу ассоциациясынын өкүлдөрү түштүк облустарда темир жол көйгөйүнөн улам ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттолуп жаткан товарлар унаа аркылуу ташылып, кыйынчылыктар болуп жатканына токтолушту.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул көйгөйдү чечүү үчүн Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
"Негизинен, жүктөр темир жол менен Өзбекстан аркылуу өтүп, Казакстандан ары Орусия жана башка мамлекеттерге жиберилет. Чынында азыр бул жагынан көйгөй бар. Муну чечүү үчүн Өзбекстан тарап менен сүйлөшүп жатабыз, жакында маселе чечилет. Ал эми жүк менен чек ара аркылуу өтүүдө жана учак аркылуу жиберүүдө да маселе бар болуп жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн жылдын аягына чейин атайын жол карта түзүлөт. Ага сиздер айткан маселенин баарын камтыйбыз", - деди министр Калилов жүк ташуучу ассоциациясынын өкүлдөрүнө жана жеке ишкерлерге.