Бир нече мүнөттөрдөн соӊ "Кеңеш" тобунун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, топтун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот. Ошондой эле аталган топтун "Мага арман" ырына тартылган жаңы клибинин бет ачары да дал ушул түз эфирден орун алмакчы.
Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp аркылуу жиберсеӊиздер же түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Кызыктуу суроо берген окурмандарды атайын даярдалган белектер күтөт.
15:00 "Кеңеш" тобунун мүчөлөрү кечигишүүдө.
15:25 "Кеңеш" тобу SUPER.KG'нин кеңсесине кирип келишти.
15:28 Алып баруучу топтун мүчөлөрүнө ойготуучу суроолорун берди. 20 суроонун 14үнө туура жооп кайтарышты.
15:30 Топ Мүзүр Мамбетов тарабынан негизделген. "Топту армиядан келгенде негиздегем. Кийинки жылы 10 жылдыгын белгилейбиз" дейт топтун жетекчиси.
15:34 Күйөрмандарынын үй-бүлө тууралуу берилген суроолоруна жооп берип жатышып, балдары таята-таенелеринин колунда экенин айтып беришти. Ошондой эле балдары 5 убак намаз окуп, дин жолуна түшкөнүн кошумчалашты.
15:33 "Солистка керек деп Алим Токторовдон угуп калып Мүзүр иштеген кафеге барсам, "ырдай албайт экенсиң, бара бер, карындашым. Сендей кыздардын мага миллиону келет" деп койгон. Кийин баш кошкондо ар кайсы кыздарды алып келип жатышты, а мен аларга тамак жасап, кызганчумун. Кызганычтын айынан ырдап кеттим десем болот", - дейт Гүлмира Шарипова.
15:42 "Нике кайып" деген ырыңызды "а" тамгасы жок ырдап бериңизчи" деген күйөрманынын суранычына, мындай жооп беришти.
"Биздин ырларыбыздын генералы - "Нике кайып". Андыктан бул ырды шылдыңга албайбыз", - дешти алар.
15:45 Мүзүр Мамбетов үй-бүлө тууралуу суроолорго жооп берип жатып, эгер казан-аяк кагышып кетсе, жубайы биринчи алгачкы кадамды жасай турганын айтты.
15:47 "Экөөңүздөрдү ажырашып кетти деп айтып жүрүшөт, буга Мүзүр байкенин ала жипти аттаганы себеп болуптур" деген колдонуучунун суроосуна Гүлмира айым жооп берди.
"Биздин үй-бүлөбүздү бузгусу келгендер абдан көп болду. Жеке жашообузду элге айтып, жарыя кылганга милдеттүү эмеспиз. Албетте, жашоодо өйдө-ылдый болуп турат. Эгер мен 100 кишинин алдында Мүзүрдүн абийирин ачсам, эртең Алла Таала менин абийиримди ачат. Мындан улам ашыкча сүйлөгүм келбейт. Ала жипти аттаса аттай берсин, ал эркек да", - деп тамаша иретинде жооп берди.
Ал эми Мүзүр "сабырдын түбү сары алтын, кандай гана кыйынчылык болбосун сабыр менен жеңүү керек" деди.
15:54 "Жубайыңызды кызганасызбы?" - деген суроого мындай деп жооп берди.
"Аял киши кызганса болот, эркектерге кызганган жарашпайт. Бирок кээде тойлорго барганда эркектер Гүлмиранын жанына келсе, жиним келип кетет. Өткөндө бир тойдо мас адам жанына башкача бийлеп жакындап келе жатат. Акырын барып алдын тосуп койсом, көп адамдар жаман ойлоп калышты. Кийин тойдон соң ал байке жаныма келип, "иним, кечирип кой, мен мас элем" деп кечирим сурап кетти", - дейт Мүзүр Мамбетов.
15:57 "Кеңеш" тобунун эксклюзив "Мага арман" ырынын клиби элге тартууланууда.
16:02 Суроо: Үй-бүлөңүздү бузууну каалагандар бар окшойт?
"5-6 жылдан бери бир кыз смс билдирүүлөрдү жаза берчү. Мага эле эмес, жубайыма да ар түрдүү каттарды жибере бергендиктен, бир күнү чалып "жубайым, мен, сен үчөөбүз жолугалы. Сенин ким экениңди билели, таанышалы" десем жок болуп кетти. Муну атайын эле бизге өчөшкөн бирөө кылабы же бекерчилердин оюнубу билбейм. Бирок мен ажырашууга жол бербейм", - деди Мүзүр Мамбетов.
Сөзгө жубайы да кошулду.
"Мындай окуялар экөөбүздүн ортобуздагы мамилени суутуп салат экен. Мүзүр кээде ыйлап "эмнеге мага эмес, ошол кызга ишене бересиң?" десе да болбой ошого эле ишене берчү элем. Бир жолу Мүзүр экөө телефон менен сүйлөшүп жатышыптыр. Мен колунан телефонду жулуп алып, алсам "Гүлмира, Мүзүргө берип койчу" деди. Ошондон кийин абдан көңүлүм калып, Мүзүр экөөбүздүн мамилебиз алыстап кетти", - деди ал.
16:10 "Кеңеш" тобу ямаханын коштоосунда жандуу үн менен "Сирень гүлү" ырын аткарышууда.
16:18 Суроо: Ырларыңыздын обондору окшош. Соңку ирет көрүнбөй калдыңар, эргүүңөр түгөндү окшойт?
"Мен антип айтууга жол бербейм. Обондорубуздун окшоштугу менен биз "Кеңеш" тобу болуп жүрөбүз. Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн стили болот. Обон чыгаруу оңой эмес, Мүзүр бир обонду жаратуу үчүн түнү менен көзү кызарып отуруп, араң чыгарат. Жакпаса укпай эле койсоңуздар болот", - деди топтун мүчөсү Гүлмира Шарипова.
16:20 Суроо: Мүзүр байке, сизди жаш кыз менен жүрөт жана ага машинасын да айдатып алат дешет, ушул чынбы?
"Мен рулду кайнатам менен иниме эле берем. Алардан башка эч кимге ишенбейм" дейт Мүзүр Мамбетов.
16:24 Түгөйлөр алып баруучулар даярдаган "Алфавит" оюнун ойноп жатышат.
16:28 Суроо: Мүзүр досум, алтын тиштин модасы бүткөнүн билсең керек, башка тишке алмаштырбайсыңбы?
"Мен бул суроону көп адамдардан уккам. Чынында мен тиш койдурган кезде алтын тиш мода болчу. Андыктан туулган күнүмө апам алтын сөйкөсүн белек кылып, "тиш салдырып ал" деген. Мындан улам бул тиш апамдан калган баалуу белек", - деди Мүзүр Мамбетов.
16:31 Суроо: Үйүңөрдү сатып батирде жүрөт дешет?
"Үйүбүздү сатсак эле батирден батирге көчүп жашай бергендей биз жаңы баш кошкон жубайлардан эмеспиз. Учурда батирибиз эмес, батирлерибиз бар" деди ал.
16:35 Түгөйлөр тойдогу кызыктар тууралуу айтып берүүдө.
"Биз абдан көп жолу алданганбыз. Бир жолу Баткенде бир той ээси бизди 2 500 долларга чакыртыптыр. Бирок уюштурган адам акчаны өзү алып, бизге 500 доллар гана берген. Биз аны кийин той ээсинин өзүнөн угуп, абдан таң калганбыз", - деп жооп берди Гүлмира Шарипова.
16:40 Суроо: Гүлмира эже, сизди маркетинг менен иштеп, банкрот болуптур дешет?
"Мен өзүм банкрот болгон эмесмин, бирок менин алдымда иштеген адамдар калып кетишти окшойт. Маркетинг деген оңой эмес экен", - деди ал.
16:43 "Бири-бириңерге сүйүүңөрдү билдирип, өбүшүп койгулачы" деген колдонуучунун суранычы боюнча, Мүзүр Мамбетов жубайынын бетинен өөп, аны жакшы көрө турганын айтты.
16:45 Жубайлар ямаханын коштоосунда жандуу үн менен "Карагат" ырын аткарышууда.
16:48 "Кеңеш" тобу өздөрүнө жаккан суроо берген окурманды тандашты.
16:50 Күйөрмандардын суроосу боюнча кайрадан жандуу үн менен "Аярым" ырын аткарышууда.
17:00 "Кеңеш" тобунун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.