Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Азербайжанда белгисиз жандык кармалды" аталышындагы видео жүктөлдү (Ник: Chyngyz_kg).
Видеодон бети маймылдыкындай, колдору адамдыкындай, манжалары узун, тырмактары кара, бою кичинекей сырдуу жандыкты көрүүгө болот. Анын денесин кара узун түк баскан. La gran epoca испаниялык басылмасынын маалыматы боюнча, видео Азербайжандын түндүгүндө тартылган.
Сырдуу жандык эки буттап басып, тырсылдаган үндөрдү чыгарат. Айрым интернет колдонуучулар жандык адамдардын колуна "башка дүйнөдөн" түшкөнүн болжолдошууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.