Президент талаштарды сотко жеткирбей чечүүгө багытталган мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2-августта президент Алмазбек Атамбаев талаштарды сотко жеткирбей чечүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

“Медиация жөнүндө” мыйзамда талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация институтун колдонуу үчүн укуктук шарттар каралган. Бул адилеттикке жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга түрткү берет. Мыйзам медиацияны сотко кайрылганга чейин, андан кийин дагы жүргүзүүгө жол берет. Ошол эле учурда тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Медиаторлорду даярдоо иши 6 айда даярдалат. Эске салсак, 22-июнда Жогорку Кеңеште мыйзам 3-окууда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан