Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы дааратканадан табылган ымыркайдын апасы же туугандары табылбаса наристе балдар үйүнө өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
"Ар бир бала үй-бүлөдө өсүүсү үчүн кам көрүү максатында биздин кызматкерлер наристенин туугандарын, апасын табуу аракеттерин көрүшөт. Эгерде иликтөө иштеринин натыйжасында 6 айдын ичинде ымыркайдын жакындары табылбаса балдар үйүнө берүүгө туура келет. Туугандары табылып, бирок багуудан баш тартышса баланы коргоо боюнча жеке план түзүлүп, башка адамдарга асырап алууга берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Эске салсак, 31-июль күнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Кечээ, 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, наристе кыздын дем алуусу жакшы, өрчүүсүндө кемчиликтер жок.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси изделип жатат.