Трамп Орусияга санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Орусияга кошуп Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору Конгресстеги демократтар менен республикачылардын колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоордун демилгечилери Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери санкциялардын киргизилишине себеп болгонун жүйө келтиришкен.

Санкциялар америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген. Анын алдында Кремль АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремль америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди. Ошондой эле Орусияга толугу менен соода согушу жарыяланганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан