"Түркмөнстандын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башчысы, армиянын генералы Гурбангулы Бердымухаммедов аскердик машыгууларга катышты" деп жазат Түркмөнстан Хроникасы агенттиги. Мамлекет башчысынын аскердик машыгууларына катышкандагы видеосу интернет колдонуучуларынын арасында талкуу жаратууда. Кылдаттык менен атайын топтоштурулган видеого Арнольд Шварценеггер катышкан "Коммандо" боевик тасмасындагы музыкалар пайдаланылган.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Бердымухаммедов өзү күч органдарына ок атуучу куралды пайдаланууну жана бычакты таамай мээлеп атууну көрсөтүп берген. Аскердик машыгуу учурунда аны алакан чабуу менен коштоп тургандар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери: коргоо министри, ички иштер министри, башкы прокурор, бажы кызматынын жана миграция кызматынын башчылары.
ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАММЕДОВ КЕСИБИ БОЮНЧА ТИШ ДОКТУР
Гурбангулы Мяликкулиевич Бердымухаммедов 1957-жылдын 29-июнь күнү Түркмөнстандын Ашхабад облусуна караштуу Бабаарап айылында туулган. 1979-жылы Түркмөн мамлекеттик университетинин стоматологиялык факультетин аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан тартып 1997-жылга чейин кесиби менен алектенген. 1997-жылдан 2006-жылга чейин Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо жана медициналык өндүрүш министри болгон. 1998-жылдан тартып министрлик кызмат менен катар эле Түркмөнстандын мурунку өлкө башчысы Сапармурат Ниязовдун эл аралык медициналык борборун жетектейт. 2001-жылы бул кызматтарына кошо өлкөнүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим тармактарына жооптуу вице-премьер-министр кызматына дайындалган. 2004-жылдан тартып бул милдеттерине өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен маданият тармагын жетектеген кызмат кошулган.
2006-жылдын 20-декабрында Сапармурат Ниязов жүрөк оорусунан улам күтүүсүздөн көз жумган. Анын эртеси, 21-декабрда Түркмөнстандын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп шайланган. 2007-жылдын 11-февралында ал өлкөнүн президенти болуп шайланган.
ШАЙЛООДОГУ ТАҢ КАЛЫЧТУУ ДОБУШТАР
Президенттикке биринчи жолу талапкерлигин койгон, 2007-жылы Бердымухаммедов шайлоочулардын 89,23 пайыз добушуна ээ болгон. 2012-жылы аны жалпы шайлоочулардын 97,14 пайызы колдосо, ушул жылдын февраль айында ага добуш бергендер шайлоочулардын 97,69 пайызын түзгөн.
ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАММЕДОВ ӨЛКӨНҮ БАШКАРГАНДАН ТЫШКАРЫ ЭМНЕЛЕР МЕНЕН АЛЕКТЕНЕТ?
* Бердымухаммедов акын жана аткаруучу: Анын гитара менен аткарган ырлары интернетке кенен жайылган. Ал чыгарган "Алга, алга, бир гана алга, туулган жерим Түркмөнстан" аттуу ыры 2015-жылы 4000 кишинин коштоосунда ырдалып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. Ал 2013-2016-жылдары жаңы жылдык кечеде, жаңы жылдык балатыда, шайлоочулар менен жолугушууда жана башка учурларда өзүнүн ырларын аткарып жүрөт.
* Бердымухаммедов 40ка жакын китептин автору: Алар негизинен дары чөптөр, жылкы, чай, экономика, жашоо жөнүндө жазылган.
* Бердымухаммедов спортчу: Жеңишти багындырууга көнгөн Бердымухаммедов автожарыштарга катышып, марага биринчилерден болуп келгени маалым. Мындан тышкары ал каратэ-до боюнча 10-баскычты алган. Велосипедде жүрүүнү жактырат.
* Асыл тукум жылкылар боюнча эксперт: Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарынын арасында "Түркмөнстандын улуттук саяпкери" деген сыйлыгы бар. Анын жылкыларга болгон сүйүүсү күч экендиги көп өлкөлөргө белгилүү. "Акалтек - биздин сыймык жана даңк" деген китебинде мамлекет башчысы Түркмөнстандагы асыл тукум акалтек жылкылары тууралуу жазган. Ал ат чабыштарга катышса, астына киши салдырбай турганын бир канча жеңиши далилдеген. 2013-жылы ат чабышта аттан жыгылган. Ушул жылдын апрель айында кайрадан ат чабышка түшүп, баш байгени жеңип алган.
ДҮЙНӨДӨГҮ ДИКТАТОРЛОРДУН БИРИ
2010-жылы Foreign Policy журналынын версиясы боюнча Гурбангулы Бердымухаммедов дүйнөдөгү 5 диктатордун катарына кирген. Бүгүнкү күндө Түркмөнстан, Түндүк Корея, Сирия, Сомали жана Судан мамлекеттеринин катарындагы дүйнөдөгү жабык жана тоталитардык өлкө экенин Freedom Housе уюму 2016-жылы жүргүзгөн изилдөөсүндө жарыялаган. Ал түркмөн калкынын арасында "Аркадаг" (колдоочу, таяныч) деген атка ээ.