Жабырлануучу: "Эки жылда кумар оюндарынан 60 миң доллар уттуруп жибердим"

Бишкек шаарында кумар жайлары мыйзамга карабай азыр дагы иш алып барып жатканын айтып жабырлануучулар, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана жарандык активист Баястан Келишбеков бүгүн, 3-августта маалымат жыйынын өткөрүштү.

Анда жабырлануучулардын бири: "Эки жылда кумар оюндарын ойноп жүрүп, 60 миң доллар уттуруп жибердим. Кумар жайларга баргандан кийин азгырылып экинчи жолу дагы барасың. Биринчи күнү 7 миң сом утуп алсаң кийинки барганда андан эки эсе көп акчага утулуп калышың мүмкүн. Бийлик өкүлдөрүнөн өлкөдөгү бардык кумар оюндары ойнолуучу жайларды жаап берүүсүн өтүнөм, инилеримдин дагы кумар оюндарына азгырылып кетишин каалабайм", - деди.

"Биздин борборго акыркы учурда ата-энелер көп кайрылып, балдарын кумар оюндарынан сактап калуубузду өтүнүп жатышат. Кумар оюндары өлүмгө жана башка жаман иштерге алып барууда", - деди Бүбүсара Рыскулова.

Белгилей кетсек, 2011-жылдын 1-ноябрында кумар оюндарын ойнотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ал эми 2017-жылдын 13-майында президент Алмазбек Атамбаев "Лотереялар жөнүндө" мыйзамга кол коюп, ал бир айдан кийин күчүнө кирген. Ага ылайык, лотереялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө берилген уруксат кагаздары жокко чыгарылмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asil-08
2017-08-03 13:31:52
Тобаа ээ кудай баарыбызга ыйман ынсап бере кор, эч кимдин башына салбасын мындайды.
+2
BekAmir
2017-08-03 13:47:23
Алла ыйман берсин. Ошону ооруп жаткан адамдарга берсен кана...
+5
emir_muslima
2017-08-03 14:21:42
Акчасы коп болгон учун ойноп жатат да.ойунга эмес нанга акча таппай жаткандар толтура
+5
grace
2017-08-03 14:51:27
Ошону уюштургандардын башында ошол эле жепжутарлар турушат да. Ошондуктан карабайт.
+2
Hadyja
2017-08-03 16:23:40
Казинолордун жабылышына Чубак ажынын салымы коп.Канча карапайым адам азгырылды.
Депутат,чиновниктер озулору ойношот.Сыягы,арамдан табылган акча,арамга жумшалат окшойт.Болбосо,адал эмгек мн акча тапкандар,адал нерселерге:кайрымдуулука,жакшылыктарга жумшашат.
+5
ALMAAAN
2017-08-03 17:36:40
Туура колдойм жабыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан