Бишкек шаарынын Борбор Азиядагы Америка университетинде 2-6-август аралыгында Кыргыз өлкөсүндөгү дүйнөлүк коммуникациялар ассоциациясынын эл аралык конференциясы өтүп жатат. Аталган конференция 2 жылда 1 жолу өткөрүлөт, учурдагысы Дүйнөлүк коммуникациялар ассоциациясынын 34 жылдыгына арналган.
Кыргыз коммуникациялар ассоциациясынын төрайымы Алтын Асанованын айтымында, иш-чарага коммуникациялар жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча 100дөн ашык адистер катышууда.
"Конференциянын аталышы "Дүйнөлүк чыр-чатактарга жана жакырчылыкка карата маданият жана коммуникация билиминин тийгизген таасири". Анын алкагында абдан көп актуалдуу темалар талкууланып жатат. Алар маданият жана билим берүү, саясат, мамлекеттердин байланыштары, жакырчылык, геосаясат, этника жана башка глобалдык маселелер каралып жатат. Иш-чарага 33 мамлекеттен 100дөн ашык окумуштуулар катышып жатышат. Алар АКШ, Германия, Малайзия, Эстония, Казакстан, Түштүк Корея, Индонезия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Перу жана башка өлкөлөрдөн келишти. Иш-чаранын негизги максаты бул коммуникациялар аркылуу ар кайсы мамлекетте жашаган адамдардын жана мамлекеттер арасындагы мамилесин жакшыртуу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу башка мамлекетте жашаган адамдардын маданиятын жана жакшы жактарын бири-бирине таратуу эсептелет”, - дейт ассоциациянын төрайымы Алтын Асанова.