Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну 1938-жылы туулган Ковалева Мария милицияга арыз менен кайрылып, анда 8-майдан 9-майга караган түнү саат 02:30 чамасында өз үйүнөн бейтааныш азиат улутундагы адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Талас РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасаган деп шектелип аталган айылдын тургуну 1968-жылы туулган Асанов Аманкул кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.