Чачтын өңүн түркүн түскө боёгон Teleport сүрөт тиркемеси интернетте популярдуу болууда

Сүрөттөрдөн чачтын өңүн түркүн түскө боёгон Teleport тиркемеси учурда социалдык тармактарда популярдуу болууда. Бул тиркемени бир жуманын ичинде көчүрүп алгандардын саны 1 жарым миллиондон ашканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган фоторедакторду 7 айга жакын убакыттын ичинде иштеп чыгышкан. Анын жардамы менен чачтын түсүн өзгөртүүдөн сырткары арткы фонду өзгөртүүгө болот. 1-августта AppStore-дүкөнүнүн акысыз тиркемелеринин рейтингинде Teleport 2-орунда, Google Play`де 8-орунда турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2017-08-04 20:43:22
SUPER. KG сиздер да тиркеме ачып койсонуздар жакшы болот эле
+2
tatynakaika
2017-08-04 23:15:43
Айгеримге бардык тус жарашат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан