Талас. "Айылдашын өлтүргөн" деп шектелип Марат аттуу жаран кармалды

17-майда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Талас ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 18:00 чамасында аталган райондун аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө Кызыл-Адыр айылынын тургуну 1963-жылы туулган Жоробеков Керимдин жансыз денеси келип түшкөн. Ал катуу токмоктолгон. Кара-Буура РИИБинин кызматкерлери бул окуя боюнча шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 1987-жылы туулган Райымкулов Маратты кармашты. Шектүү адам камакка алынып, сурак берүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан