Австралияда 1993-жылдан бери өрт өчүрүү кызматынын мырзаларын календардын бетине сүрөткө тартышат. The Firefighters календарынын түзүүчүлөрү жаныбарларды коргоону жана сактоону максат кылган. Календарды сатуудан түшкөн каражатты жыл сайын жаныбарларды коргогон уюмдарга өткөрүп беришет.
Календарга сүрөткө тартылуу үчүн өрт өчүрүүчүлөр арасында чымыр дене, сүрөттө керектүү образды мыкты көрсөтө билүү боюнча сынак жарыяланат. 2018-жылга карата Австралиянын зоокалендарына сүрөткө тартуу иштери аяктап, анын кызыктуу жасалгасы үчүн өрт өчүрүүчү чымыр денелүү мырзалар жылаңачтанууга да даяр экенин көрсөтүшкөн. Жалпысынан сынакка австралиялык 65 өрт өчүрүүчү катышкан.
Календарга сүрөткө тартылган өрт өчүрүүчү сынактан өтүү үчүн 4 ай машыгуусун 2 эсеге көбөйткөнүн айтса, дагы бири машыгуу учурунда да, жумуш убактысында да улам-улам тамактанып, сынактын талабына жооп берерлик абалга келгенин билдирген.
Календарь жыл сайын октябрь айында чыгарылып, сатыкка коюлат.