SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттер, силерге кандай кыздар жагат?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Өтө түнт эмес бирок бир сырдуу, ыймандуу, мээримдүү, азга сабыр, көпкө шүгүр кылууну билген кыздар жагат".
"Өзүң кандай болсоң ошондой кызга жолугасың" демекчи, "андай-мындай" деп айтуудан мурда ошого өзүм да татыктуумунбу деп өзүңөргө көз жүгүртүп алгыла да".
"Мага баш ийип, айтышпай турган, динден түшүнүгү бар, анан эң башкысы сөөк-саактуу, урук ала турган кыз керек".
"Чачы узун кыздарды жактырам. Шымданбаган, өзүнө жарашыктуу, жөнөкөй эле кийинип, жарашыктуу жоолук салынып, узун юбка кийип алса, мына ушуларга суктанбай өтүп кете албайсың. Анан чыпташтырып, эгер кокусунан учтуу бирдеме тийип кетсе шымынын баары айрылып кала тургандай кийингендерге табитим тарта бербейт".
"Эң негизгиси ата-энени сыйлаган, ыймандуу, жалжактабаган, бирок тамашакөй, адептүү, жөнөкөй, сабырдуу, бир ката ишиңди ачык эле бетке айткан, ушакты жаман көргөн, кайсы жерде болбосун өзүн бир калыпта алып жүргөн кыздар жагат".
"Негизгиси ыйманы болсун, анан чындап сүйсүн, башка дагы көп нерсени өзүм үйрөтөм деп кыялданам, мени укса болду. Жаккан мүнөздөрүн айта кетейин: билимдүү, ичпеген, чекпеген, бир да жигит менен кол кармашып жүрбөгөн болсо болду, өзүм жаңыдан тарбия бергим келет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.