СУПЕРСТАН: "Кантип уул төрөсө болот? Эмне кылуу керек, сураныч, жардам бергилечи"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кантип уул төрөсө болот?" деген тема талкууга алынган.

Темада автор колдонуучулардан: "Саламатсыздарбы? Мен сиздерден кеңеш сурайын дедим эле. "Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" деген элибизде макал бар эмеспи. Досумдун бир кызы бар. Күйөөсү кийинкисин уул күтүп жатат. Кайын журту да "уул төрө" дешет. Кантип ысыктанып, уул төрөсө болот, кыргызчылык кылса да болобу? Эмне кылуу керек? Сураныч, жардам бергилечи", - деп кеңеш сураган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Тобо, "уул төрө" деп кайын журтуңа жин тийген эмеспи? Ал келинден эмес да, жатып алып "бул жолу уул төрөп коёюн, кийинкиси кыз болот" дегендей".

"Кыргызчылык кылса эле уул төрөп калмак беле, Кудайдын берген наристесин төрөй берсин".

"Эң негизгиси аялы да, күйөөсү да эт, жаңгак, майлуу, күчтүү тамак жеп, жашылча-мөмөлөрдү колдон келсе азыраак жеп, көп нерв болбошу керек. Анан дагы аялзатынын кайсы келген күндөн баштап (12-13-күндөрү уруктануу башталгандыктан кыз төрөлүп калышы мүмкүн. 14-күнү эркек уулдуу болууга көп кепилдик бере алам. Бул менин жана башка тааныштарымдын башынан өттү. Сага ийгилик каалайм. Бирок "пенделер айта берет, Кудай буюрганын берет" дегендей, ар бир баланын ырыскысы болуп, оорубай, ден соолугун, ыйманын берсин. Кыз же бала деп чанбай эле койгон жакшы, бала жытына жетпегендер канча? Ал эми алсыз, арык, тамакты жакшы жебеген, көп кыжалат болгон, аз кандуулук менен жабыркагандар көбүнчө кыз төрөйт деп угуп калам. А менин көзүмдөн кыз учуп жатат. Кыздуу болуп, чачын өрүп, турмушка узатсам деген жакшы ойлорум бар. Анан такыр болбосо келинимди деле кызымдай кабыл алам да. Жакшы, түшүнүктүү кайнене болгум келет".

"Орус элинин жакшы макалы бар "что посеешь, то и пожнёшь" деген, ошол сыяктуу ал күйөөнүн сепкен уругунан болот. Анан Кудай маңдайына эмне жазса ошону төрөйт. Кайын журту кесирлүү адамдар окшойт. Кызбы, эркекпи аман-эсен төрөлсүн деп айтпайбы, тобо кылдым".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2017-08-07 16:19:10
Кудайдын бергенине шугур кылайлык.
+4
aselka
2017-08-07 16:39:37
Аял кишиден коз каранды эмес, эркек кишиден чыгат х, y деген хромосондор. Аял кишиде ар дайым х храмасон иштейт. Аял заты эч качан озунордун конулунорду чогорбогуло кыз тороп койдум деп, эркек эмне сепсе ошону алат
+7
raykray
2017-08-07 17:59:09
азыркы заманда кыз тородум же кыз тородун деген келин куйоолор аз, бирок оозун эби жетпей сасып суйлогон кайненелер коруп атабыз, эки кызым бар кудайга 100жолу шугур бирок кайнененимдин не деген гана создорун уккан жокмун,кыз торойт деп
+1
Hadyja
2017-08-07 19:00:49
Кенештер укмуш экен,окуп алып,тан калдым.
Кайран,кенешчилер.
+3
aylun
2017-08-07 19:24:44
кыз деген уул баладан ширин болот экен)))
+6
bakulya2015
2017-08-07 21:17:53
Аллахтан сураныныз кудай буйруса уулду болосуз. Беруучуда алуучуда Аллах.
+5
admin_superstan
2017-08-08 11:24:34
Ago, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан