2012-жылдын ноябрь айында “2000 сом пара алган” деп шектелип кармалган Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ИИБинин тергөөчүсү Ж.Шапиевге карата 9-апрелде соттун өкүмү чыкты. Маалым болгондой, Ысык-Ата райондук соту Шапиевди Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгү (пара алуу) жана 313-берененин 3-бөлүгү боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча тергөөчүнү күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып пул төлөтүү чечимин чыгарган. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ноябрь айында Шапиев колго түшкөндө анын жанына 20 000 сом табылган. Учурда бул адам ээлеген кызматынан бошотулду.